Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Үч кыргыз балбаны Олимп оюндарына жолдомо алды


Айсулуу Тыныбекова (көк кийимчен) күрөш учурунда
Айсулуу Тыныбекова (көк кийимчен) күрөш учурунда

Ушул күндөрү Астанада өтүп жаткан Азиялык квалификациялык мелдеште кыргыз балбандары Магомед Мусаев, Мурат Рамонов жана Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына жолдомо алды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 19-мартта кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта финалда монголиялык Орхон Пуревдоржду 10:5 эсебинде жеңип алды. Эркектер арасында эркин күрөштөн 97 килограммга чейинки салмакта Магомед Мусаев финалда казакстандык Мамед Ибрагимовду 3:2 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. Грек-рим күрөшүнөн 130 килограммга чейинки салмакта Мурат Рамонов күмүш байгеге ээ болду. Ал чейрек финалда тажикстандык Муроджон Туйчевди 8:0, жарым финалда Муминжон Абдуллоевди жеңип финалга чыккан. Алтын байге үчүн беттеште казакстандык Нурмахан Тыналиевге 8:0 эсебинде жеңилип 2-орунду алды.

Азиялык квалификациялык мелдеште ар бир салмакта финалда күрөшкөн балбандарга Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына лицензия берилет. Жалпысынан бул таймаштарда 36 жолдомо балбандарга ыйгарылат. Мелдештер 21-мартта аяктайт. Ушуну менен Кыргызстандын энчисине жайкы олимпадага 8 жолдомо чогулду. Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева жана грек-рим күрөшчүлөрү Арсен Эралиев менен Жанарбек Кенжеев быйыл Рио-де-Жанейродо боло турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алышкан.(ECh)

XS
SM
MD
LG