Нарын шаарында бюджеттик мекемелерде эмгектенген мугалимдерге, медицина жана социалдык кызматкерлерге 60 батирден турган 5 кабаттуу үй курулат. Мындай маалымат өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун администрация башчысы Максатбек Сазыкулов менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Ушул жылдын апрель айында курулуш иштери баштала турган турак жай ипотекалык насыянын негизинде берилет. Үйлөр эконом-класста курулуп, жылытуу, канализация сыяктуу бардык шарттар киргизилет. Нарын шаарында акыркы 25 жылдан бери мындай көп кабаттуу үй курула элек. (MiK)