Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Ростовдо авиакырсыкта каза болгондордун тек-жайы такталууда


Учак кыйраган жерде
Учак кыйраган жерде

Орусиянын Ростов-на Дону шаарындагы учак кырсыгынан каза болгондордун тек-жайы такталууда. Маркумдардын дене бөлүкчөлөрү чогултулуп, ДНК анализге жөнөтүлдү. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучковдун айтымында, кырсык болгон жердеги издөө иштери аяктады.

Орусиянын тергөө комитетинин жүйөсүндө кырсыкка учактын бузулушу, аба ырайынын катаалдыгы же учкучтардын катачылыгы себеп болушу мүмкүн.

FlyDubai авиакомпаниясына таандык Боинг-737 учагы 19-марттын таңында Ростов-на-Дону аэропортунда кыйрап, 55 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү каза болгон. Алардын арасында 28 жаштагы кыргызстандык Жылдыз Насирдинова да болгон.

XS
SM
MD
LG