Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Казакстандын төмөнкү палатасына кезексиз шайлоо өтүүдө


Чимкенттеги шайлоо участогу. 20-март, 2016-жыл
Чимкенттеги шайлоо участогу. 20-март, 2016-жыл

Бүгүн, 20-мартта казак парламентинин төмөнкү палатасына кезексиз жана жергиликтүү кеңештерге кезектеги шайлоо өтүүдө. Шайлоодо “Нур Отан”, КНПК, “Ак жол”, “Бирлик”, ОСДП жана “Ауыл” партиялары ат салышууда.

Межилистеги 107 депутаттын 98и партиялык тизме менен, тогузу Казакстан элдер ассамблеясы тарабынан шайланат. Ассамблеянын шайлоосу 21-мартта өтөт. Мындан тышкары 3 335 депутат жергиликтүү кеңештерге шайланат.

Казакстандын шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, шайлоочулардын саны 9,7 миллионду түзөт. Шайлоого 817 эл аралык байкоочу көз салат.

XS
SM
MD
LG