Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Чолпон-Атада Алыкул Осмоновго эстелик тургузулду

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында залкар акын Алыкул Осмоновдун үй музейинин алдына анын эстелиги тургузулуп, аллеясы ачылды. Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп, акындын туулган күнүнө арналды. Бул тууралуу Алыкул Осмоновдун үй музейинин жетекчиси Бакыт Асанбаев билдирди.

Аталган иш-чарага Маданият министринин орун басары Фархад Бекманбетов, акын-жазуучулар, өкмөттүн облустагы өкүлү жана башка жергиликтүү жетекчилер катышты.

Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта төрөлүп, 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн өткөн. (AsM)

XS
SM
MD
LG