Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

Fly Dubai Насирдинованын үй-бүлөсүнө 20 миң доллар төлөп берет


Жылдыз Насирдинова
Жылдыз Насирдинова

Ростов-на-Донуда учак кырсыгында каза тапкан кыргызстандык Жылдыз Насирдинованын үй-бүлөсүнө Fly Dubai компенсация иретинде 20 миң доллар төлөп берет. Бул тууралуу маалымат аталган компаниянын сайтына жарыяланды. Компаниянын камсыздандыруусу боюнча кырсыкта көз жумгандардын ар бирине ушундай сумма төлөнөт.

FlyDubai авиакомпаниясына таандык Боинг-737 учагы 19-марттын таңында Ростов-на-Дону аэропортунда кыйрап, 55 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү каза болгон. Алардын арасында 28 жаштагы кыргызстандык Жылдыз Насирдинова да болгон. Ал учакта стюардесса болуп иштечү. Анын жакындары сөөктү алып келүү үчүн Орусияга кечээ жөнөп кетишкен.(UEz)

XS
SM
MD
LG