Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Ноорузда күн ачык болот


Былтыркы Нооруз майрамы. 21-март, 2015-жыл
Былтыркы Нооруз майрамы. 21-март, 2015-жыл

21-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0...+2 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет.

20-21-мартта жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас (198-209-чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100-чакырымдары) жана Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз 15...20

Баткенде түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +5...+10

Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз +5...+10

21-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Түнкүсүн абанын температурасы 0...+1 градус болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн, абанын күндүзгү жогорку температурасы +17…+19° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG