Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Милиция 7-апрелге чейин күчөтүлгөн режимде иштейт

Архивдеги сүрөт
Архивдеги сүрөт

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 7-апрелге чейин күчөтүлгөн режимде иш алып барат. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, милиция 18-марттан бери күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Мындай чара Нооруз майрамына, 24-март жана 7-апрель ыңкылаптарынын жылдыктарын белгилөөгө байланыштуу.

ИИМ кызматкерлери элдин коопсуздугун камсыздоо максатында учурда Улуттук коопсуздук кызматы менен бир катар иш-чараларды жүргүзүп жатат. (UEz)

​
XS
SM
MD
LG