Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Барселонадагы автокырсыктан 14 киши өлгөнү айтылууда


Бүгүн, 20-мартта Каталониядан Барселонага бараткан жолдо автобус кырсыкка учурап, кеминде 14 киши өлгөнүн Франс-пресс агенттиги маалымдады. Калган 43 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча, 57 жүргүнчүсү бар автобус бүгүн таңда Валенсия менен Барселона ортосундагы жолдо кырсыктаган.

Бийлик жабыркагандардын так санын айта элек. Учурда куткаруучулар жана тез жардам кызматы окуя болгон жерде иштеп жатат. Маалыматка ылайык, автобуста Валенсиядагы фейерверк фестивалынан келаткан студенттер болгон.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG