Бүгүн, 19-мартта Оштогу Ломоносов мектебинин жанында “Республика Ата-Журт” партиясынын үгүтчүсү сабалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучу Эмил Махматураим уулу өзү кабарлады. Анын айтымында, шаардагы жашоочуларга партиянын үгүт материалдарын таратып жүргөндө белгисиз адамдар таяктап, шериги Аида Кадыркул кызын сөгүп кетишкен. Алар партиянын үгүтчүлөрүнөн мектептин айланасында үгүт иштерин жүргүзбөөнү талап кылышкан. Учурда жабырлануучулар Ош шаардык ооруканасына кайрылып, окуя боюнча милицияга арыз жазышты.
Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына 13 партиядан 1040 талапкер ат салышууда. Шайлоо 27-мартка белгиленген. (YI)