Казакстанда парламент жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кезексиз шайлоосу жыйынтыкталды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди эсептөөгө киришти.
Казакстан БШКнын Катчысы Бахыт Мельдешов добуш эсептөөгө 12 сааттан ашпаган убакыт бөлүнгөнүн билдирет.
Шайлоого “Нур Отан”, Казакстан элдик коммунисттик партиясы, “Ак жол”, “Бирлик”, Жалпы улуттук социал-демократиялык партия жана “Ауыл” партиялары катышты.
Алар Мажилистеги 98 орунга ат салышат. Дагы тогуз орунга депутаттарды Казакстан эл ассамблеясынын сессиясы тандайт.
Акыркы маалыматтарга караганда, шайлоого 75,16% киши катышкан. Жалпы электораттын саны өлкөдө 9,8 миллионго жакын.