Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Казакстан мамкызматтагылардын смартфон колдонуусуна тыюу салат


Чөнтөк телефондун кызматы кеңейди.
Чөнтөк телефондун кызматы кеңейди.

Казакстанда мамлекеттик кызматкердердин жумуш ордунда смартфон жана планшет колдонуусуна тыюу салынат.

Today.kz маалымат агенттигинин билдиришинче, бул чара марттын аягынан тарта күчүнө кирет. Смарт сааттар да бул чектөөгө кошулат.

"Мындай кадам мамлекеттик кызматкерлердин жогорку мобилдик аппараттарды жумуш учурунда жеке максаттар үчүн пайдаланып жана Whats App аркылуу расмий маалыматтар тарап кетишинен улам" жасалып жатканы маалымдалат.

Мамкызматкерлер смартфондорун үйүндө же жумуштан тыш колдонсо болот. Бирок жумушка интернетке кире албай турган, жупуну телефон көтөрүп келүүлөрү тийиш.

Буга чейин, Өзбекстанда бир катар мамлекеттик кызматкерлер жумушта телефон колдонууга тыюу салынган. Ошондой эле бул өлкөдө студенттер да сабак учурунда мобилдик байланыш колдоно алышпайт.

XS
SM
MD
LG