Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:53

Обама Кубага тарыхый сапарга чыкты


Барак Обаманын тарыхый сапарын утурлап Гавананын көчөсүнө илинген плакат, 17-март, 2016-жыл
Барак Обаманын тарыхый сапарын утурлап Гавананын көчөсүнө илинген плакат, 17-март, 2016-жыл

АКШ президенти Барак Обама 20-мартта Кубанын борбору Гаванага барды. Бул Кошмо Штаттардын мамлекет башчысынын 90 жылдан берки Кубага болгон биринчи сапары.

Сапардын алкагында Обама кубалыктарга түз эфирде теледен кайрылып, мындан аркы алака боюнча көз карашын айтат.

АКШ бийликтери президенттин сапары мурдагы эки каршылаштын ортосундагы “кансыз согуштун” бүтүшү менен жаңы мамилелердин башталышын шарттайт деп баалоодо.

Обама өзү болсо Куба менен алака-катыштын калыбына келтирилишин тышкы саясатындагы маанилүү жетишкендиктердин бири катары көрөт.

Сапардын башында президент жубайы экөө Гавананын тарыхый бөлүгүндөгү маданий баалуулуктар менен таанышат. Дүйшөмбүдө Кубанын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Рауль Кастро, андан соң кубалык ишкерлер менен жолугушат. Эртен кечинде Революция сарайында мамлекеттик сый тамак белгиленген.

Обама андан тышкары расмий Гавананын каршылыгына карабай кубалык жарандык коом өкүлдөрү, укук коргоочулар менен да кездешет. Кубадан соң Аргентинага үч күндүк сапарга чыгат.

XS
SM
MD
LG