Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, президенттик мөөнөтү бүткөнчө чек ара маселесин чечип кетүүгө чакырды. Ал бул көйгөй өлкө башчылардын гана деңгээлинде чечилерин, өкмөт башчы, Тышкы иштер министрлиги, Чек ара кызматы жасап жаткан аракеттен майнап чыкпасын айтууда:
- Биздин мамлекет башчы Өзбекстандын башчысы менен мамилени түзүш керек. Буга чейин, тилекке каршы, начар мамиле түзүлүп калды. Эки өлкө бири-бирине катташпай, тирешип калды. Мамлекет башчы алар менен жакшы мамиле түзө алган жок. Маселен, Роза Отунбаева президент болуп турганда биринчиден салам берип, жакшы мамиле түзүлгөн. Азыркыдай басып кирүү болгон эмес. Өтө начар абал түзүлүп, ортодо кагылышуу болуп кетиши мүмкүн.
18-марттын таңында Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачысы кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол аймакка кирет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкентке наарызылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп боло элек. (RK)