Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Өкмөт башчы чек арадагы абалды талкуулады


Бүгүн премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында күч түзүмдөрү, Куралдуу күчтөрдүн Башкы Штабы, Чек ара кызматы, УКМК жетекчилиги жана Коргоо кеңешинин катчысынын катышуусу менен жыйын өттү. Анда чек арадагы кырдаал жана өлкөдөгү жалпы коомдук-саясий абал талкууланды.

Мекеме жетекчилери чек арадагы абал жана аны бекемдөө аракеттери боюнча маалымат берди.

Темир Сариев чек араны бекемдөө чараларын күчөтүү тапшырмасын берди.

18-марттын таңында Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачысы кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол аймакка кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG