Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Маликовго кол салуу боюнча шектүү жаранды Бишкекке алып келишти


Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салган деп шектелген Тилек уулу Алибек Түркиядан Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, учурда ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында жатат.

Кадыр Маликовго 2015-жылдын 26-ноябрда Бишкекте кол салуу болуп, анын бетине бычак шилтешкен. Теолог кол салгандар өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террорчу топтун өкүлдөрү экенин билдирген.

Окуядан кийин Тилек уулу Алибек менен Рыскул Бейшеналиевди Казакстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүп бараткан мезгилде түрк полициясы кармаган. Алар кылмышты жасаганын моюнуна алганы расмий кабарланган.

Учурда Бейшеналиевди да Кыргызстанга алып келүү аракети жүрүп жатат.

Дин таануучу жана коомдук ишмер Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборун жетектейт. Ал жергиликтүү жана эл аралык диний экстремисттик топторду, радикал, террорчул уюмдарды катуу сындап келе жатканы менен белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG