Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Оппозиция чек арадагы кырдаалга байланыштуу Аксыда жыйын курууну чечти


Кыргызстандын оппозиция өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Аксыда жыйын өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Эл үнү" кыймылынын мүчөсү Руслан Бекназаров билдирди. Анын айтымында, 22-мартка пландалган иш-чарага бийликтин, 60ка жакын коомдук уюм, саясий партиянын өкүлдөрү чакырылды жана абалды жөнгөрүү жолдору талкууланмакчы.

Өзбекстан аскер техникасын киргизип, 18-марттан бери Кербен - Ала-Бука жолунун 20-чакырымын бөгөп алып, андагы чек ара тилкесин көзөмөлдөп турган окуяга байланыштуу буга чейин бир катар оппозиция өкүлдөрү бийликтин аракеттерин сынган алып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG