Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Түндүк Корея кайрадан ракета атты


Жолбашчы Ким Чен Ын белгисиз жайда ракетанын дүрмөтүн көрүп жаткан учур.
Жолбашчы Ким Чен Ын белгисиз жайда ракетанын дүрмөтүн көрүп жаткан учур.

Түштүк Кореянын маалымат агенттиктери өлкө армиясынын Башкы штабына шилтеме жасап кабарлагандай, Түндүк Корея бүгүн кыска аралыкка учуучу беш ракетасын атып, ал деңизге түштү.

Мындан үч күн алдыда эле Пхеньян орто аралыкка учуучу үч ракетасын сынап, БУУнун Коопсуздук кеңеши муну алардын резолюциясын бузгандык жана "кабыл алынгыс" деп атаган.

10-мартта АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен аскерий машыгууларын баштагандан бери Түндүк Корея ракеталарын үч ирет сынады. Ал машыгууну Пхеньян “кол салууга” даярдык катары баалоодо.

Ушул айдын башында БУУнун Коопсуздук кеңеши январда өзөктүк сыноо өткөргөнү, андан кийин февралда узак аралыкка учуучу ракеталарын сынаганы үчүн жаңы санкцияларды киргизген. (UE)

XS
SM
MD
LG