Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал толугу бойдон президент Алмазбек Атамбаевдин жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" мамлекет башчынын аппаратынын маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов билдирди.
Үсөновдун белгилешинче, чек арадагы абалды жөнгө салуу жаатында мамлекет тийиштүү чараларды көрүп жатат.
18-марттын таңында Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын чек арачылары кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон.
Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол аймакка кирет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкенге наарызылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп боло элек. (RK)