Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Орусиянын соту Савченкону эки журналисттин өлүмү үчүн күнөлүү деп тапты


Сот өкүмү окулуп жаткан учур. 21-март, 2016-жыл.
Сот өкүмү окулуп жаткан учур. 21-март, 2016-жыл.

Бүгүн Орусиянын Донецк шаарчасында соттун украиналык аскерий учкуч Надежда Савченкого карата өкүмү окула баштады. Өкүмдү окуп жаткан сот украин учкучу бул кылмышка “жек көрүүчүлүк жана кастык” жүйөсүнөн улам барганын белгиледи.

Буга чейин прокурорлор соттон Савченкону 23 жылга түрмөгө кесүүнү суранышкан болчу.

Учкучтун сот иши Украинада жана башка жерлерде да нааразылык акцияларын жаратып, Москванын сынчылары бул “көргөзмө сот жараян” үчүн Кремлди айыпташкан.

Савченко өзү сот жараян башталган былтыр сентябрдан бери күнөөсүз экенин айтып келет жана абакта буга чейин бир нече ирет ачкачылык да жарыялаган.

Учкучтун ырастоосунда, аны 2014-жылы июнда Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилерге каршы ыктыярчылардын батальонунда жүргөн кезинде кармап кетишкен. Орусиялык тарап болсо украин учкучун чек арадан мыйзамсыз өттү деп, минометтун снарядынан каза тапкан орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бардыгы үчүн айыптаган. (UE)

XS
SM
MD
LG