Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Үсөнов: Оппозиция чек ара маселесин жеке кызыкчылыгына пайдалангысы келүүдө


Кыргызстанда оппозиция өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалды өзүнүн жеке саясий кызыкчылыгына пайдалангысы келүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов билдирди.

- Өлкөдө ачык-айкын жана эркин саясий система түзүлгөн. Оппозициянын ар кыл акцияларды өткөрүүсүнө эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок ошондой болсо да оппозиция мындай шартта Кербенде митинг өткөрөбүз дегени мамлекеттин, элдин эмес, жеке кызыкчылыгын жогору койгонун ырастайт. Буга чейин коомчулук билгендей, ар кыл кырдаалдан пайдаланып айрым саясатчылар өз кызыкчылыгы үчүн пайда табууну адатка айландырган. Ошолор эле бүгүнкү абалды да дал ушундай максатта колдонгону жатат. Мамлекеттин бүтүндүгүн, түптүүлүгүн жана келечегин ойлогондор мындай аракетке барбашы керек. Өлкөдөгү бардык күчтөр өзүнүн саясий көз карашына карабастан чек араны бекемдөө жана жаралган кырдаалды тынчтык жолу менен, өлкөнүн кызыкчылыгына жараша чечиле тургандай аракет кылуусу керек, - деди ал.

18-марттан бери Аксы районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу тилкеде өзбек аскерлери жана техника турат. Кыргыз тарап ал жер боюнча маселе чечиле электигин айтып, Ташкетке нааразы нота жөнөткөн.

"Эл үнү" оппозициялык кыймылы бул үчүн бийликтин алсыздыгын айыптап, 22-мартта Кербенде жыйын курарын айтууда. Ага саясатчылар Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев жана башкалар катышары белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG