Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:39

Гаванада бүгүн АКШ-Куба лидерлеринин сүйлөшүүлөрү өтөт


Барак Обама Гаванадагы Хосе Марти аэропортунда. 20-март, 2016-жыл.
Барак Обама Гаванадагы Хосе Марти аэропортунда. 20-март, 2016-жыл.

АКШ президенти Барак Обама Кубадагы сапарын кечээ баштады.

Кошмо Штаттардын кызматтагы президентинин Кубага акыркы сексен сегиз жылда алгачкы ирет келиши эки коңшунун карым-катнашында жаңы доорду ачуу жана тарыхый визит катары бааланууда.

Обама Кубада 22-мартка чейин созулуучу сапары учурунда президент Рауль Кастро менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн тышкары кубалык диссидент, активисттердин тобу менен жолугат жана Кубанын элине атайы кайрылуу менен да чыгып сүйлөмөкчү.

АКШ президентинин сапары башталардын жуп алдында диссиденттердин Гаванадагы нааразылыгы күч менен таратылып, 50дөй демонстрант кармалды.

Вашингтон менен Гавана мындан жарым кылым ашуун мурда токтоп калган алака-катышты нормалдаштыруу боюнча жараянды мындан 15 ай мурда башташкан.

Андан бери дипломатиялык мамиле калыбына келтирилди, телекоммуникация, авиакаттамдар, акча которуулар боюнча макулдашуулар жетишилди.

Бирок АКШ Конгресси Кубага киргизген экономикалык эмбарго али күчүндө.

АКШ менен Кубанын мамилеси 1959-жылы Гаванадагы бийликти Фидель Кастро ыңкылап аркылуу алгандан кийин бузулган. (UE)

XS
SM
MD
LG