Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Дүйшөнбиев: Чек арадагы абал өзгөрүүсүз бойдон


Кыргыз-өзбек чек ара аймагында 18-мартта түзүлгөн кырдаал азыр да өзгөрүүсүз бойдон. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиев билдирди.

- Кырдаал ошондой эле, болгону биринчи күндөрү эки тараптан тең 30-40тай аскер турган. Азыр 8ден гана чек арачы турат ар бир тараптан. Жолдо 2ден бронетехника турат, -деди ал.

18-мартта Жалал-Абад облусунда кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесине өзбек чек арачыларынын кирип алышы Кыргызстандын нааразылыгын жаратууда. Азырынча маселе чечиле элек. (RK)

XS
SM
MD
LG