Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:08

Өкмөт чек араны кайтарууга жарандарды тартуу тартибин бекитти


Кыргыз-тажик чек арасы
Кыргыз-тажик чек арасы

Кыргыз өкмөтүнүн 3-мартта чыккан токтомуна ылайык, мамлекеттик чек араны кайтарууга жарандарды тартуунун жобосу иштелип чыккан. Анда мамлекеттик чек араларды кайтарууга ыктыярдуу кошуундар менен штаттан тышкаркы кызматкерлерди жумушка алуунун тартиби жазылган. Ыктыярдуу топтор жана штаттан тышкаркы кызматкерлер жергиликтүү бийликтер аркылуу тандалып, коопсуздукту камсыздоодо чек арачыларга көмөктөшө турганы, аларга 18 жашка толгон, чектеш аймактарда жашаган адамдар кире алары да белгиленген. Алар мамлекеттик органдарга чек араны кайтарууга ыктярдуу түрдө көмөктөшүүгө даярдыгын билдириши керек.

Кабыл алынгандан кийин чек араларда көзөмөл жүргүзүү, мыйзамсыз өткөн жарандарды издөөгө, кармоого катышып, элге эреже тууралуу түшүндүрүү жүргүзө алышат. Жарандардын түзүлгөн топторго мындан башка иштерге аралашууга уруксат берилбейт. (NT)

XS
SM
MD
LG