Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Жол курулушу боюнча тендерди мекемелер ортолук комиссия иликтейт


Жол куруу.
Жол куруу.

Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун оңдоо үчүн өткөн тендер боюнча мекемелер ортолук комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан мурда Унаа жана байланыш министрлиги өткөргөн тендерлерди депутаттык комиссия иликтеп, анда олуттуу мыйзам бузуулар орун алганын жарыялаган. Сынакта лицензиясы жок Кытай компаниясы утуп алганы белгиленип, бул үчүн министр Аргынбек Малабаевге сын айтылган. Кошумча иликтөө талап кылынгандыктан, комиссиянын мөөнөтү эки айга узарган.

Былтыр декабрда Кыргызстандагы курулушчулар министрлик жарыялаган тендерлерде азыраак сумма сунуштаган жергиликтүү ишканалар эмес, Кытайдын компаниялары утуп жатканына нааразы болуп, парламентке кайрылышкан. Анын негизинде депутаттык комиссия түзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG