Полиция украиналык учкуч Надежда Савченкону колдоп акцияга чыккан активисттерди кармады. Алар учкучка карата чыгарылган сот өкүмүнө каршылык билдиришүүдө. Орусиянын Донецк шаардык соту карап жаткан иш боюнча өкүм толук окула элек. Бирок, кечээ Савченкону эки журналисттин өлүмү үчүн күнөлүү деп табышты. Бүгүн акыркы чечим белгилүү болору күтүлүүдө.
Мамлекеттик айыптоо учкучка адам өмүрүнө кол салуу жана Орусия чек арасынан мыйзамсыз өтүү боюнча айып тагып, 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. Савченко өзү күнөөсүз экенин кайталап, бир нече ирет ачкачылык да жарыялаган. Учкучтун сот иши Украинада жана башка жерлерде да нааразылык акцияларын жаратып, аны бошотуу талабы коюлуп келет.