Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Пневмококк илдетине каршы эмдөө башталат


Дарылар.
Дарылар.

Кыргызстанда бүгүн балдарды пневмонияга каршы эмдөө жүргүзүлө баштайт. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, 160 миңден ашык доза вакцина аймактарга таратылды. Вакцина эки жарым айдан бир жашка чейинки балдарга берилет. Мындай эмдөө жүргүзгөн өлкөлөрдө илдеттин жайылышы бир жарым эсе азайган.

Бул дарт наристелер үчүн өтө кооптуу. Пневмония дартын козгой турган пневмококк инфекциясы аба аркылуу жугуп, кулак жана дем алуу органдары жабыркайт. Кыргызстанда орто эсеп менен жыл сайын илдетти жуктуруп алган беш жашка чейинки балдардын 400гө чукулу чарчап калат. (NT)

XS
SM
MD
LG