Оппозициялык "Эл үнү" кыймылынын мүчөсү Руслан Бекназаров “Азаттыкка” билдиргендей, жыйын Кербен шаарынын борбордук аянтында бүгүн түштө башталат. Анда кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку кырдаалдан чыгуунун жолдору талкууланат. Жыйынга бийликтин, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү чакырылган.
- Бийликке көйгөйдү чечүү үчүн чогуу аракеттенүү сунушталып, ар кандай чагымдарга жол бербөө үчүн элге түшүндүрүү жүргүзүлөт,- деди Бекназаров.
Оппозиция жетекчилеринен иш-чарага Азимбек Бекназаров жана Камчыбек Ташиев катышат.
Эки күн мурун райондук бийликке митинг тууралуу кабар берилген. Алар расмий уруксат бербегени менен жыйын уюштурула турганын кошумчалады Руслан Бекназаров.
Азыркы тапта Кербенде эл чогула баштаганы кабарланууда. (NT)