ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:01

"Эл үнү" кыймылы өкмөт башчы менен жолугушуудан баш тартканын билдирди

Аксыдагы жыйын.
Аксыдагы жыйын.

Оппозициялык "Эл үнү" кыймылынын өкүлдөрү ушу тапта Аксыда жүргөн премьер-министр Темир Сариев менен жолугушуудан баш тартты. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыймылдын мүчөсү Сапар Наркеев билдирди. Айтымында, алар акимчиликтин ичинде актив менен өтүп жаткан жолугушууга барбоону чечкен.

- Премьер-министр менен сүйлөшөбүз, бирок саат 12де баштала турган митингде, эл алдында гана, - дейт Наркеев.

Темир Сариев митингге чыккандар менен жолугушууга макул экенин айтты. (RK)

​
XS
SM
MD
LG