Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:18

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков Аксы районунда коомдук-саясий кырдаал туруктуу, күч органдарынын көзөмөлүндө экенин “Азаттыкка” билдирди. Калайман башаламандыкка, чагымчылдыкка жол бербесин айтты. Анын маалымдашынча, аймакта 18-марттан бери эле эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Аксынын Кербен шаарында, "Алтын казык" кинотеатрынын алдында ушул тушта оппозициянын митинги өтүп жатат. Милициянын эсебинде ага 300дөй, оппозициянын өкүлдөрүнүн билдиришинче, миңден ашык адам катышып жатат. (EBM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG