Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Оппозиция чек арадагы абалды бийликтин шалаакылыгы деп атады


Аксыдагы жыйын.
Аксыдагы жыйын.

Оппозиция чек арада түзүлгөн соңку абал үчүн өлкө жетекчилигин айыптап, муну "бийликтин шалаакылыгы, тышкы саясатты жүргүзө албаганы" деп атады. Бул тууралуу бүгүн Аксыда өткөн митингдин жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда айтылат.

Ошону менен катар анда эки өлкө байыртан ынтымакта жашап келгени, Өзбекстандын соңку кадамы бул мамилеге доо кетирип жатканы, өзбек аскерлери басып кирген жер Совет доорунан бери Кыргызстанга таандык экени жана аны алдырууга жол берилбей турганы жазылган.

Оппозиция өзбек президенти Ислам Каримовго маселени тынчтык жолу менен чечүү сунушталышы керектигин талап кылып, Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу бирикмелер алкагында да сүйлөшүү жүрүшү зарылдыгын, буга орус президенти Владимир Путинди ортомчулукка чакыруу керектигин билдирди.

18-марттан бери Жалал-Абаддын Аксы районуна чектеш аймакта кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесине Өзбекстандын чек арачылары кирип алды. Кыргызстандын буга байланыштуу дипломатиялык нотасына Ташкен жооп бере элек.

Бийлик коңшу өлкө менен сүйлөшүу жүрүп жатканын, маселе тынчтык жолу менен гана чечилерин айтып, Аксыда митинг уюштурган оппозицияны түзүлгөн жагдайды өзүнүн жеке саясый кызыкчылыгына пайдаланып жатат деп айыптоодо. (RsK)

XS
SM
MD
LG