Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Темир Сариев өлкөнүн бүтүндүгүн жана кол тийбестигин сактоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн убада кылды.
- Биздин өлкөнүн 1 сантиметр жери эч кимге берилбейт. Бул – президенттин, өкмөттүн так, ачык позициясы. Биздин колубузда турган документтер бар. Ошонун негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз, – деди Темир Сариев
Ошол эле учурда Темир Сариев чек ара эки мамлекеттин ортосундагы макулдашуу менен ишке ашарын билдирип, буга этияттык менен мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи.
Премьер-министр чек ара тилкелерин такташуу маселеси эки өлкө ортосундагы макулдашуу менен аныкталган документтерге негизделиши керектигин айтып өттү. (RK)