Бельгия баш калаасындагы “Завентем” аэропортунда бүгүн эртең мененки кош жардыруудан соң “Мэлбек” метростанциясында да бомба жарылды. Анын кесепети тууралуу азырынча так маалыматтар чыга элек. Жергиликтүү булактар билдиргендей, жардыруу Евробиримдиктин институттары жайгашкан жерге жакын аралыкта уюштурулган.
Бүгүн эртең менен аэропорттун учуу залында эки ирет бомба жарылып, кеминде 10 киши мерт кеткен.