Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту орусиялык эки журналисттин өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан Савченкону айыптуу деп тапты жана ал абакка кесилери маалым болду. Ушул тапта сот танаписке чыкты. Камак мөөнөтү танапистен соң жарыяланмакчы.
Сот отурумунда Савченко өзүнө коюлуп жаткан айыптоолордун бардык пункттары менен күнөөлүү деп табылганы айтылууда.
Прокурорлор аны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. 2014-жылдан бери камакта отурган Савченко күнөөсүн мойнуна албай, орусиячыл жикчилдер уурдап, Москвага өткөрүп бергенин белгилеп келет. Киев өкмөтү жана Батыш лидерлери аны саясий туткун экенин айтышкан.