Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

ЖККУ кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга кабатыр


Москва, Кремль.
Москва, Кремль.

Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюму кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды талкуулоону бүгүн да улантат. Москвада кечээ башталган отурумда уюмдун Туруктуу кеңешинин мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалга бушаймандык билдиришти. Ошондой эле окуяга кылдат көз салып турарын ырасташты.

Бул жыйын Жалал-Абад облусундагы кыргыз-өзбек чегиндеги соңку абалдан улам Кыргызстандын демилгеси менен чакырылган.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна алты мамлекет - Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Беларус жана Армения кирет. Өзбекстан алгач мүчө болуп, бирок 2012-жылы чыгып кеткен.

Өзбек чек арачыларынын Аксы районундагы тактала элек тилкеге кирип алышы боюнча ЖККУ кандай чараларды көрөрү азырынча белгисиз. Бирок, эрежеге ылайык аталган уюмдун курамындагы мамлекеттерге коркунуч жаралган учурда кеңешме өтүп, эгерде кол салуу болсо, чогуу коргоо чаралары көрүлүүгө тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG