Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Озокеев: Үңкүр-Тоодогу телемунара үчүн башка жер издөө сунушталыптыр


Ушул тапта Кербен шаардык кеңешинин депутаттары өкмөттүн Үңкүр-Тоодогу телемунараны башка жерге көчүрүү тууралуу катын талкуулап жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргешалы Озокеев билдирди:

- Шаардык кеңешке өкмөттөн "телемунараны башка жакка көчүрүү үчүн жер маселесин чечип бергиле" деген кат келиптир.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган 2 чакырымдан ашык тилкесинде жайгашкан. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станция бар.​

Өткөн аптада Аксыга чектеш аймакта кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесине Өзбекстандын чек арачылары кирип алган болчу. Бул тилкенин аянты 38 гектарды түзүп, анын 1 800 метри аркылуу Кербен-Ала-Бука жолу өтөт.

Кийин кыргыз тарап да жооп кылып, ал жерге аскер техникасын жана аскерлерди жайгаштырган. (RK)

XS
SM
MD
LG