Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:45

Чек ара кызматы: Чаласартта абал салыштырмалуу туруктуу


Аксынын Чаласарт жергесиндеги кыргыз-өзбек чек-ара тилкесинде азыркы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, кыргызстандык чек арачылар ал жерде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Эки тараптан тең аскердик техниканын кыймылы жана аскерлердин саны жагынан өзгөрүү байкалган жок. Учурда ал жерде эки жактан тең экиден БТР жана сегизден аскер турат.

Ала-Бука – Кербен унаа жолунан кыргыз жарандарынын ары-бери каттоосуна тоскоолдук жаралган жок.

18-мартта Жалал-Абаддын Аксы районуна чектеш аймакта кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесине Өзбекстандын чек арачылары кирип алган болчу. Бул тилкенин аянты 38 гектарды түзүп, анын 1 800 метри аркылуу Кербен – Ала-Бука жолу өтөт.

Кийин кыргыз тарап да жооп кылып, ал жерге аскер техникасын жана аскерлерди жайгаштырган. (RK)

XS
SM
MD
LG