Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

УКМК: Оппозициянын сүйлөшүүлөрү тастыкталды


Бир нече адамдын өлкөдө олку-солкулук жаратуу менен бийликти ээлеп алуу боюнча сүйлөшкөн сөздөрү мурда козголгон кылмыш ишине байланыштуу соттун уруксаты менен жазылган. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Коопсуздук кызматынын маалыматында айтылгандай, кечээ интернетке жарыяланган сүйлөшүүлөр УКМКдагы мыйзамдуу түрдө жаздырып алынган сүйлөшүүлөр менен дал келет.

22-мартта интернетке оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү деген тымызын жаздырылып алынган аудио тасмалар жарыяланган болчу. Андагы сүйлөшүүгө катышкандар бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну бийликтин каралоосу деп атоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG