Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

ИИМ: Адил Тойгонбаев Дубайда кармалды


Эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев Дубайда кармалды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Интерпол уюмунун маалыматына караганда, ал Бириккен Араб Эмирликтеринин күч кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында колго түшүрүлдү.

ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, Тойгонбаевге карата Кыргызстанда кылмыш иш козголуп, бир нече айып тагылган:

- Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып коюлган: алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашыруу деген сыяктуу.

50 жаштагы Тойгонбаев Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин кызы Берметтин мурдагы күйөөсү.

Учурда ал Дубай шаарында кармалууда, күч кызматкерлери аны Бишкекке экстрадициялоо маселесин талкуулап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG