Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Кербендин депутаттары Үңкүр-Тоо боюнча өкмөттүн сунушуна каршы чыкты


Кербен шаардык кеңешинин депутаттары Үңкүр-Тоо боюнча өкмөттүн сунушуна каршы чыкты. Тиешелүү токтом кабыл алынганын "Азаттыкка" кеңештин депутаты Эргешалы Озокеев билдирди.

Бүгүн Кербен депутаттары өкмөттүн Үңкүр-Тоодогу телемунараны башка жерге көчүрүү тууралуу катын талкуулашканын Озокеев айткан:

- Шаардык кеңешке өкмөттөн "телемунараны башка жакка көчүрүү үчүн жер маселесин чечип бергиле" деген кат келиптир.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган 2 чакырымдан ашык тилкесинде жайгашкан. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станция бар.​

Өткөн аптада Аксыга чектеш аймакта кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесине Өзбекстандын чек арачылары кирип алган болчу. Бул тилкенин аянты 38 гектарды түзүп, анын 1 800 метри аркылуу Кербен-Ала-Бука жолу өтөт.

Кийин кыргыз тарап да жооп кылып, ал жерге аскер техникасын жана аскерлерди жайгаштырган. (RsK)

XS
SM
MD
LG