Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон дагы жеңишке жетишти


Демократтар атынан АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтон.
Демократтар атынан АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтон.

Республика партиясынан АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп жана Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон Аризон штатында 22-мартта өткөрүлгөн праймеризде буга чейинки жетишкендиктерин бекемдешти.

Ал эми Клинтондун атаандашы сенатор Берн Сандерс чакан штаттар Айдахо жана Ютада жеңишке жетишти. Трамптын атаандашы Тед Круз Юта штатында алдыга чыкты.

Кезектеги праймериз Брюсселдеги теракттардан кийин өткөрүлдү. Ошондуктан талапкерлер ал окуя боюнча пикирлерин айтты. Дональд Трамп террорго шектелгендерди кыйноого алууну сунуштаса, Тед Круз мусулмандар жашаган аймактарга көзөмөлдү күчөтүүнү жактады. Ал эми Хиллари Клинтон Дональд Трампка кыйытып, “бизге ар кандай коркутууларды күчөткөн лидер эмес, акылдуу, күчтүү жана жетекчиликти ала билген башкы командачы керек”, деп белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG