Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Чек арадагы абал парламентте талкууланды


Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 23-мартта премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышты.

Жолугушууга фракция лидерлери да катышты.

Өкмөт башчы азыркы абал тууралуу кенен маалымат берди.

Жогорку Кеңештин пресс-кызматынан кабарлашкандай, депутаттар түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдоруна байланыштуу суроолорду узатышты. Ошондой эле жалпы коомчулукка өз убагында маалымат берип туруу, чек араны коргоодо баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жаатында сунуштарды берип, президенттин жана өкмөттүн мамлекеттик чек араны кайтаруу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу багытында саясатын ар тараптан колдоого алууга даяр экенин билдиришти. (RK)

XS
SM
MD
LG