24-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында айрым жерлерде бир аз жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 11...16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -1...-6.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 17...19 градус жылуу болот.