Британияда жайгашкан Сириянын адам укуктары боюнча уюмунун 23-марттагы маалымдоосуна караганда, айыгышкан кагылышуулардан кийин Сирия аскерлери шаарга жакын жердеги маанилүү дөңсөөнү ээлешти. Аскерлерге абадан орус жана Сирия учактары жардам берүүдө.
Сириядагы адам укуктары уюмунун жетекчиси Рами Абдел Рахмандын айтымында, азыркы кезде Башар Асаддын күчтөрү Пальмира шаарынын түштүгүнөн эки чакырым алыстыкта, батыш тарабында беш чакырым алыстыкта турат.
"Ислам мамлекети" деп аталган террордук топ Пальмира шаарын өткөн жылы май айында басып алып, ал жердеги ЮНЕСКОнун тизмесинде турган тарыхый эстеликтерди талкалаган. (AiT)