Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Бекназаров: Оштогу курултайды чек ара маселеси үчүн токтоттук


"Биз Оштогу курултайды чек ара маселеси үчүн токтоттук" деп билдирди бүгүн Бишкекте пресс-конференцияда "Эл үнү" оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров.

- Бийлик бизди аңдыгандан көрө мамлекеттин бүтүндүгүн сактасын, Ошко милиция жөнөткөнчө чек ара коопсуздугун күчөтсүн. Бул чек ара менен Өзбекстан 1993-жылы биздин аймактык бүтүндүктү тааныган, ушул территория менен эгемендикке ээ болуп, Конституциябызды жарыялаганбыз - деди Бекназаров.

Ал ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин 22 депутатынын каршы чыкканы маселени чечпесин, ЖККУ аралашса да тез арада чечүү керектигин айтып, "кыргыз жерин башкаларга берүүгө өкмөткө жол бербейбиз" деп кошумчалады.

Ошону менен катар Бекназаров "маселени чечүү жолу катары Ислам Каримовго акылдуулук кылып, эки элдин согушуна жол бербейт деп ишенгенибиз үчүн ага кайрылдык. Кыргызстан ЖККУ мүчөсү, ошондуктан анын жетекчи өлкөсүнүн президенти катары Путинге кайрылдык. Анткени Атамбаев менен Сариев бийлиги бул маселени чече албайт" деди.

Оппозиция 24-мартта Ошто курултай өткөрүүнү пландап жаткан болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG