Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Сузак: жер көчкү түшкөн айылда электр жарыгы жок


Сузактагы 2015-жылдагы жер көчкү.
Сузактагы 2015-жылдагы жер көчкү.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында 18 үй-бүлө электр жарыгысыз отурат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдиргендей, 300 метр электр зымын, беш мамыны көчкү басып калган. Айылдагы арык да көчкү алдында калгандыктан, 55 кожолук суу каптоо коркунучуна кептелди. Азыр көчкү тазаланууда. Бул иштер бүткөндөн кийин электр энергиясы калыбына келтирилет.

Алмалуу-Булак айылы Кыргызстандагы кооптуу аймактардын бири. 1994-жылдан тартып 78 үй-бүлөгө ссуда жана жер тилкелери берилген, бирок алардын бешөө гана коопсуз жакка көчүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жашоочуларга тынымсыз эскертүү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн майнап чыкпай жатканын билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG