Кыргызстандагы айрым саясатчылардын кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалдан улам абалды курчутуу, чайпоо аракетинен майнап чыккан жок. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев айтты.
Ал учурда өзбек чек арачылары турган посттон өткөндө айрымдар чыр чыгарууга аракет кылганы тууралуу фактылар бар экенин билдирди.(RK)