Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:58

Жалал-Абадда элдик ыңкылап күнү эскерилди


Жалал-Абадда 2005-жылдагы ыңкылап эскерилди
Жалал-Абадда 2005-жылдагы ыңкылап эскерилди

Шаардын борбордук аянтында өткөн иш-чарада шаардык жана облустук бийлик өкүлдөрү жана март ыңкылабынын катышуучулары болушту.

- Эгер жергиликтүү бийлик ар бир кадамын эл менен чогуу чечсе, алардын мүдөөлөрүн канааттандырууга көп көңүл бурса, анда аларды эл сөзсүз колдойт, - деди Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов.

Катышуучулар 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылап үй-бүлөлүк башкаруунун, коомдук адилетсиздиктин, коррупциянын коомдон орун алышы, шайлоонун адилетсиз өткөрүлүшүнөн улам чыкканын, бирок кийин бул ыңкылаптын идеялары ишке ашпаганын белгилешти.

Ар кандай саясий-партиялык кызыкчылыктарга, бийлик талашууга берилбей, элге кызмат кылуу керек дешти.

Соңунда борбордук аянттагы 24-марттын урматына орнотулган монументке гүл коюулду. (RsK)

XS
SM
MD
LG