Караколдогу зоопаркта жаңы туулган ботого ат коюу үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" зоопарктын директору Салтанат Сеитова билдирди.
Анын айтымында, Ботокөз аттуу төөнүн ботосу ушул жылдын 9-мартында туулган.
- Бүгүнкү күндө экөөнүн тең абалы жакшы, алар зоопарктын кызматкерлеринин көзөмөлүндө - деди ал.
Жаңы туулган ботону көрүү үчүн көптөгөн жергиликтүү тургундар келүүдө.
Сынактын жыйынтыгы боюнча эң оригиналдуу ат тандалып алынат. Ал эми авторго зоопарктын жетекчилиги символикалык белек берет. (AsM)