Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Асанов: Сариев Үңкүр-Тоо Өзбекстандыкы деген эч кандай токтомго кол койгон эмес


Темир Сариев
Темир Сариев

Премьер-министр Темир Сариев Үңкүр-Тоо Өзбекстанга таандык деген эч кандай токтомго кол койгон эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди:

- Тескерисинче, маалыматтык коопсуздукту күчөтүү, аймактардагы байланыш жана интернеттин сапатын жогорулатуу боюнча кошумча станция куруу тапшырмасын берген. Премьер-министр өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана кол тийбестигин сактоого бардык аракетин көргөн кызмат адамдарынын бири. Бул жаатта өзүнүн милдетин толук жана так аткарып жатат жана Үңкүр-Тоону башка өлкөнүн аймагы деп тааныган бир да документке кол койгон эмес. Ал эми бүгүнкү нааразылык акциясына чыккандар Темир Сариевди айыпташы негизсиз. Алар чек ара маселесин жеке кызыкчылыгына пайдалануу менен бул маселени ого бетер күчөтүп, көйгөйдүн тереңдешине шарт түзүп берүүдө. Бул мекенчилдикке жатпайт деп ойлойбуз, - дейт Асанов.

Өкмөт башчынын маалымат катчысынын белгилешинче, чек ара жана коопсуздук боюнча аткарылып жаткан иштердин баарын эле ачык айтууга болбойт жана өтө этият мамиле кылуу зарыл.

Асанов учурда премьер-министр жана мамлекеттик органдар жаралган жагдайды тынчтык жолу менен Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бергендей чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Бүгүн Ак үй алдына "Кырк чоро", "Жаңы муун" уюмдарынын 30га жакын өкүлү чыгып, кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бийликти, анын ичинде өкмөттү сындаган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG